Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусияда азык-түлүк дүкөнүн тоноп кеткен үч кыргызстандык кармалды

Кылмыш иши козголгон

Горелого шаарында милиция кызматкерлери азык-түлүк дүкөнүн тоноп жүргөн үч кыргызстандыкты кармашты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Такталгандай, кол салуу 25-октябрда «24 саат» дүкөнүндө болгон. Күбөлөр мушташ болгонун милицияга билдиришкен.

Маалым болгондой, саат 04.00дө белгисиз адамдар дүкөнгө кирип, 30 жаштагы кароолчуну сабап, андан соң 26 жаштагы сатуучу кызды бычак менен коркута башташкан. Андан соң жаш балдар 5 миң рубль жана 10 миң рублга жакын товарды уурдап кетишкен.

Шектүүлөр үч сааттан кийин дүкөндүн имаратында жайгашкан батирден кармалган. 20 жаштан 22 жашка чейинки кыргызстандык үч жаран изоляцияга жаткырылды.

Тоноо фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх