Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК айыл чарба министринин орун басарын кармады

Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бир нече жылдан бери материалдык пайда алуу максатында аткаминерлер тобу жана айрым компаниялар  жең ичинен макулдашып,ата мекендик айыл чарба продукцияларын ЕАЭБ өлкөлөрүнө жеткирүүдөгү коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча системалуу иштерди улантууда. Айыл чарба продукциясын өлкөнүн чегинен тышкары экспорттоо үчүн жасалма тоскоолдуктарды жаратып келишкен.

Тергөөнүн жүрүшүндө көрсөтүлгөн мыйзамсыз фактыларга КР Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министринин учурдагы жана мурдагы орун басарынын тиешеси бар экендиги боюнча төгүндөлгүс далилдер табылган.

Ошентип, 26-октябрда Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министринин орун басарынын милдетин аткаруучу «М.И. (болжолу Марсбек уулу Илич, - редактордун эскертүүсү), ошондой эле министринин мурдагы орун басары И.А.С кармалды жана убактылу кармоочу жайга киргизилди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору
Сүрөт Vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх