Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте төрт жаран Индиянын жаранына кол салып, алтургай футболка менен курткасын тартып алышкан

Сот кармалгандарды эки айга СИЗО-1ге камады

Бишкекте төртөө Индиянын жаранына кол салып, тоноп кетишкен.

Жабырлануучу Б.О.нын айтымында, 19-октябрь күнү саат 20.00дөр чамасында Москва көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жанынан белгисиз адамдар ага кол салышкан. Бычак менен коркутуп 3 миң доллар, 7 миң сом, төрт уюлдук телефон, ноутбук, iPad-7, эки түгөй Airpods уурдап кетишкен. Ошондой эле Индиянын жаранынан кара куртка, үч жуп саат, футболка жана эки өтүгүн тоноп кетишкен. Андан соң кол салгандар Б.О.нун колу-бутун байлап белгисиз тарапка жоголушкан.Келтирилген зыяндын жалпы суммасы аныкталды.

Бул факты КЖБРде катталган.  КР Кылмыш-жаза кодексинин 202 (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүүлөр: 1987-жылы туулган М.М., 1997-жылы туулган Б.Б., 1997-жылы туулган С.Д., 1997-жылы туулган Т.Д., жана 2004-жылы туулган О.Н. Алар Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ленин райондук соту анын баш коргоо чарасын эки айга борбордогу 1-СИЗОго камоо менен камакка алуу чечимин чыгарган. Кылмышка шектүү 17 жаштагы Н.О. ата-энелеринин көзөмөлү астында өткөрүлүп берилген.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх