Кыргызстанда 28-октябрга карата COVID-19 инфекциясынын жаңы 124 учуру катталды
3 өлүм катталган
28-октябрга карата Кыргызстанда COVID-19 жана коомчулуктан пайда болгон пневмонияны жуктурган 124 жаңы учур катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаарында - 64, Ошто - 2, Чүй облусунда - 29, Ош облусунда - 4, Талас облусунда - 3, Нарын облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда - 13, Жалал-Абад облусунда - 5, Баткен облусунда - 2 адам.
Бир сутка ичинде 100 кыргызстандык айыгып чыкты.
705 бейтап стационардык, 699 бейтап амбулатордук.
3 өлүм катталган.
Бардык мезгил ичинде - 180 989 инфекция жуккан.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз