Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алымкадыр Бейшеналиев фармацевтикалык компанияларды дарылардын баасын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууга чакырды

Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы дары-дармектердин баасын негизсиз көтөрүү мүмкүн эместигин эскертти

Бир күн мурун, 27-октябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинде саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен ири фармацевтикалык ишканалардын жетекчилери менен жолугушуу болуп, анда дары-дармектерди жүгүртүү жаатындагы маселелер талкууланган. Өзгөчө көңүл негизги дары тизмесине кирген дары-дармектердин баасын жөнгө салуу маселесине бурулду. Фармацевтикалык компанияларга негизсиз ашыкча бааны көтөрбөө сунушталды. Ошондой эле дары-дармектердин баасын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунушталды.

Ошондой эле бааларды жөнгө салуу иштеринде ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, калктын жана фармацевтикалык ишканалардын маалыматка жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын улуттук электрондук маалымат базасы менен интеграцияланган электрондук баа каталогу иштелип чыккандыгы айтылды.  Дары-дармектердин катталган дүң жана чекене баалары жөнүндө маалымат департаменттин сайтында (http://www.pharm.kg/ru/price_regulation/) жайгаштырылган.

Дары-дармек каражаттарына бааларды жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-июлундагы № 91 “КР ППга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтомунун негизинде ишке ашырыларын эскертебиз. Кыргыз Республикасындагы баалар 2019-жылдын 29-октябрындагы № 579.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх