Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Шайлоо -2021: БШКдан эскертүү алган Ташиевдикиндей жагдай президенттин Чүйдөгү өкүлүндө да катталдыбы?

Эркин Тентишевдин уулу “Ынтымак” партиясынан талапкер экени белгилүү

Фейсбук социалдык тармагынын Пери Орозобекова аттуу колдонуучусу президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишевдин уулу Бакыт Тентишев үгүт иштерин мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөн эрте баштагандыгын жазып чыкты. Билдирүүдө “Ынтымак” партиясынын тең төрагасы, саясий бирикменин тизмесинде үчүнчү болуп катталган Эркин Тентишевдин уулу Бакыт Тентишев 5-октябрда мугалимдер күнүнө карата Ысык – Ата райондук администрациясы өткөргөн иш чарага катышып мугалимдерге акчалай сыйлыктарды тапшырганын, ага чейин 30-август күнү талапкердин атасы Тентишев тарабынан 5 млн сомдук байге фондусу менен спорттук иш чара өткөрүлгөнү жазылган.

Эскерте кетсек, ЖКнын депутаттарын шайлоо боюнча жарлыкка президент Садыр Жапаров 29-август күнү кол койгон. Үгүт өнөктүгү расмий түрдө бүгүн 29- ноябрда башталды.

Ал ортодо бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясы  Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шайырбек Ташиевге үгүт иштерин мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөн эрте баштаганы боюнча жазуу түрүндө эскертүү бергени белгилүү болду.

Буга чейин социалдык тармакка Камчыбек Ташиев Барпы айылынын тургунуна үйдүн ачкычын тапшырып жаткан видео-тасма тараган эле. Интернет колдонуучулары Шайырбек Ташиев Сузактан №14 округдан талапкер болуп катышып жатканын, ага карабай, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Барпы айылынын жашоочусуна мыйзамга каршы жаңы салынган тамдын ачкычын тапшырганын жазып чыгышкан. Кийин Сузак райондук милициясы үйдү УКМКнын төрагасы эмес, жеке ишкер курганын, Камчыбек Ташиев ошол мезгилде айылда болгондуктан, айылдыктар андан ачкычты салтанаттуу түрдө тапшырып берүүнү суранышканын жана мында мыйзам бузуу болбогонун билдирген.

Камиля Аляева

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх