Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Pfizer Бишкек шаарындагы бардык эмдөө пункттарында жана Чүй облусунун үч пунктунда бар

Кыргызстанга октябрдын башында Pfizer вакцинасын сактоочу төрт тоңдургуч алынып келинди

27-октябрда Кыргызстан глобалдык COVAX демилгесинин алкагында 259 740 доза Pfizer вакцинасын алды.

30-октябрдан тарта бул вакцина Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун бардык убактылуу эмдөө пункттарында, тактап айтканда, Аламүдүн, Сокулук райондорунда жана Кант шаарында жеткиликтүү болот.

1-ноябрдан тарта дарылар республиканын бардык аймактарына этап менен жеткириле баштайт.

Pfizer вакцинасы 21-28 күндүк дозалардын ортосунда сунушталган интервал менен 18 жаштан жогорку бардык адамдарга берилет.

Маалымат үчүн:

Вакцинациядан кийин сиз укол сайган жериңизде кызарып, ооруп же дене табыңыз бир аз көтөрүлүп, денеңиз оорушу мүмкүн. Бул реакциялар, адатта, эмдөөдөн кийин бир нече күндүн ичинде жоюлат, бирок кандайдыр бир себептерден улам алар узакка созулса, медициналык жардамга кайрылышыңыз керек.

ДСУ Пфайзердин вакцинасын 2020-жылдын 31-декабрында шашылыш дары реестрине киргизди.

Pfizer вакцинасы Кыргызстанга дүйнөнүн 172 өлкөсүн камтыган COVAX демилгеси аркылуу келген COVID-19 вакциналарынын үчүнчү партиясы, ошондой эле вакциналар үчүн атайын эриткичтердин 43 800 флакону да жеткирилди. Буга чейин өлкөгө 293 200 Pfizer атайын вакцина шприцтери келген.

Октябрь айынын башында ЮНИСЕФтин колдоосу менен Кыргызстанга Pfizer вакцинасын сактоочу 4 тоңдургуч алынып келинип, орнотулган.

Вакцина өзүңүздү COVID-19дан коргоонун коопсуз жолу.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх