Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жеңиш Молдокматов жубайы менен 11 жаштагы кызынын "телефондорун тыңшаганын" жарыялады (видео)

Октябрь окуясы боюнча сотко Фарид Ниязов менен Курсан Асанов да алынып келинди

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда Октябрь окуясы боюнча соттук отурум өттү.

Соттун жүрүшүндө айыпталуучу саясатчы Жеңиш Молдокматов анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн «телефондорун тыңшаганын» билдирди.

«Жубайым менен 11 жаштагы кызымдын телефондору тыңшалып жатат», - деди ал. - Биз текшере баштаганда балага менин атымдан бирөө билдирүү жөнөтүптүр. Мени террорист же президенттин эң коркунучтуу оппоненти катары кармап, кыйнап коюшу мүмкүн, бирок менин үй-бүлөм менен кызым эмнеге күнөөлүү? Ал мамлекеттик төңкөрүш жасай алабы? Саясий куугунтук болбосо бул эмне?!

Белгилей кетсек, сот залына президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов менен Ички иштер министрлигинин жетекчисинин экс-орун басары Курсан Асанов да алынып келинген.

Канышай Балкыбекова

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх