Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эрнест Абдыжапаров: Кыргызстанда маданияттын абалы такыр эле майдаланып кеткен

«30 жыл бою маданиятка көңүл бурулбаганы аз келгенсип, андай маданият да болгон эмес»

Кыргызстанда маданият мамлекеттен бөлүнүп, анын абалы бытыранды. Бул тууралуу белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров Vesti.kg сайтына курган маегинде президент Садыр Жапаровдун жакынкы жылдарда маданият менен искусствону мындан ары өнүктүрүүгө шарт түзөм деген убадасына комментарий берип жатып билдирди.

Абдыжапаровдун айтымында, 30 жыл аралыгында маданиятка аз көңүл бурулмак түгүл каралган да эмес.

"Биз өз күчүбүз менен аман калдык" дейт ал. - Садыр Жапаров президент болгондон кийин анын ишмердүүлүгүнүн негизги прерогативи руханият жана маданият болот деп жарлыкка кол койгон. Бул кандайдыр бир үмүт берди. Мамлекет башчысынын маданият күнү менен куттуктап, мамлекетибиздин мындан аркы өнүгүүсү маданиятка багытталат деген сөзүнүн өзү биздин бардык көйгөйлөрүбүздү президент түшүнүп жатканын айгинелейт.

Мындан тышкары, Абдыжапаров бүгүнкү күндө маданияттын абалы таптакыр майдаланып , мамлекеттен бөлүнүп калганын кошумчалады.

- Мисалы, азыр кино тармагы активдүү өнүгүп жатат, - дейт режиссёр. - Бирок, анда мамлекеттин үлүшү аз, анчалык деле жок. Балким 5-10 пайыз. Бул учурда маданият мамлекеттен өзүнчө бар экенин көрсөтүп турат.

Өз кезегинде Vesti.kg сайты комментарий алуу үчүн да байланышка чыккан Эл артисти Курмангазы Азыкбаев 30 жылдан бери маданият тармагында  өйдө-ылдыйлар болгонун белгиледи.

«Биз ата-бабаларыбыздан калган баалуулуктарды кайра жандандырышыбыз керек», - дейт Азыкбаев. -Биринчи жумушта атайын кадр маселеси каралышы керек. Тактап айтканда, келечек муун бизден күчтүү болушу үчүн актёрлор, музыканттар, композиторлор мастер-класстарды өтүшү керек.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх