Айпери Медет кызы Белградда өтө турган күрөш боюнча дүйнө чемпионатында өз өнөрүн көрсөтөт
Спортчу 76 килограмм салмакта күч сынашат
Бүгүн, 3-ноябрда Айпери Медет кызы Белградда өтүп жаткан күрөш боюнча (U23) Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу UWW сайты билдирет.
Мелдештер Бишкек убактысы боюнча 15.30да башталат.
Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы 76 килограмм салмакта күч сынашат.
Эске салсак, спортчу Токиодо өткөн чемпионатта бешинчи, Ослодо өткөн дүйнөлүк чемпионатта үчүнчү, Токиодо өткөн Олимпиадада бешинчи орунду ээлеген.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз