Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Аспеков силер үчүн мени менен телефон аркылуу урушкан. Аны коё бер." Сыймык Жапыкеев түн жарымында Садыр Жапаровго кайрылды

Каржы полициясынын экс-жетекчиси активист азыркы президентти абактан бошотуу үчүн көп аракеттерди жасаганын эске салды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын (Финансы полициясы) мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев президент Садыр Жапаровдон алдамчылыкка шектелип кармалган активист Мелис Аспековго ырайым көрсөтүп, бошотууну суранды. Бул тууралуу Жапыкеев социалдык тармак аркылуу билдирди.

Каржы полициясынын экс-жетекчиси мамлекет башчыга кайрылды.


"Урматтуу Садыр Нуркожоевич, урматтуу Президент. Сизге тун ортосунда 02:30 чамасында уктабастан кайрылуу кылууну туура кордум.


Мен Мелис Аспеков менен мамилем деле жок, мен ушул жигит менен сиздин апаныз кайтыш болгондо Туптөн похорондон таанышкам. Сиз жөнүндө сизди мактап бутпөйт эле, сиздин ээн биринчилерден тарапташыныз, ининиз, партиялаш, жакшы саналаш катары билчумун. Мени Бир нече жолу Мекенчил партиясына чакырган. Болду андан башка митингдерден эле көрчумун. Акча, бийлик тууралу эч суйлөшкөнда эмеспиз. Мени сыйлайм деп калчу. Башка ортобузда Бир доллар ойногон эмес."

Жапыкеев Аспеков Жапаровду абактан чыгарууга эң көп күч жумшады деп эсептейт.

«Былтыр революция куну ээн чырылдаган ушул жигит эле, сизди турмөдөн чыгарыш учун абдан чоң мээнет кылганын билем. Жанынызда бир айга жакын жүрдү, анан эле камалды 250 мин Дашковдон алды деп камалганын уктум, интернеттен көрдук. Чынында кандай болгонун билбейбиз.

Бирок, 250 алган куну деле, акча келтирилген ущерб нак тергөөдө туратда, жоголгон жок. Бир тагдырдын астында эмне? Ден-соолугу нервтин айынан өтө начарлап кетти деген маалыматты ютубтан көрдүм».


Ал президенттен кайрымдуулук, кечиримдүүлүк жана айкөлдүк көрсөтүүнү суранды.

Каржы полициясынын мурдагы жетекчиси: «Бул киши жаман», - дейт. Ага ырайым кыл. Аны коё берсеңиз туура болот деп ишенебиз. Менимче, Мелис Аспеков жакшы жигит. Эмнеси болсо да телефондон сенин айынан мени менен урушуп кеткен учур болгон. Мээримдүүлүк, кечиримдүүлүк жана кең пейилдик көрсөткүлө».

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх