Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМКнын кызматкерине эки миң доллар пара берүүнү чечкен ишкананын директору кармалды

«Юг-Спецавтоматика» ЖЧКсынын жетекчиси ИВСке киргизилди

УКМКнын кызматкерлери тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жалал-Абад ОИИБдин Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдарынын мүмкүн болгон макулдашуу фактылары аныкталды. Сузак районунун Талаа-Булак айылындагы №76 А.Матиева атындагы орто мектебин курууда курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн ашыра баалаган.


«Юг-Спецавтоматика» ЖЧКсы тарабынан аткарылган иштер актыларында жана аталган мектепти пайдаланууга кабыл алуу документтеринде формалдуу көлөмдө айырмачылыктар аныкталган.

Бул кылмыш иши боюнча ревизия дайындалды. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, мамлекетке 4 миллион 912 миң 888 сом зыян келтирилгени аныкталган.

Мындан тышкары, «Юг-Спецавтоматика» ЖЧКсынын директору «К.Т.И.» бааларды элдештирүүдө маселени «оң чечүү» үчүн УКМК кызматкерине 2000 доллар өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалган.

2021-жылдын 2-ноябрында "Юг-Спецавтоматика" ЖЧКсынын директору "К.Т.И." КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 328-беренесинин 2-бөлүмүндө каралган кылмышка шектелип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, Жалал-Абад ОИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

УКМКнын басма сөз борбору
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх