Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кара-Кече кениндеги кыйроо көмүр казууга таасирин тийгизбейт

«Кыргыз көмүр» ишканасы иш кадимкидей уланып жатканын белгиледи

Кара-Кече көмүр кенинде иштер кадимкидей уланууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, бир күн мурун тоонун этегинин жылышынан жалпысынан 50 миң метр куб жер урап түшкөн. Бирок бул көмүр казууга таасирин тийгизбейт.

«ЖЭБ калкты көмүр менен камсыз кылууну улантат», - деп белгилешти алар. - Эч кандай коркунуч жок. Иш уланууда.

Эске сала кетсек, кечээ Кара-Кече көмүр кенинде уроо болгон.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Vesti.kg сайтына жабыркагандар жок экенин билдирди. Куткаруучуларды чакырууга сигнал болгон эмес.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх