Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги тигүү цехинде өрт чыгып, 4 жаштагы кыз каза болду

Болжол менен күйүү аянты 125 чарчы метр

Бишкектин Аммосов көчөсүндө жайгашкан тигүү цехинде өрт чыгып, кичинекей кыз каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрт саат 13:26да өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 4 жаштагы кыз (аты-жөнү такталууда) каза болгон, өрттүн болжолдуу аянты 125 чарчы метрди түзгөн. - деп билдирди ведомстводон.

Учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатканы белгиленди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кийинчерээк толук маалымат берүүнү убадалады.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх