Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Лос-Анжелесте эки кыргыз тасмасы көрсөтүлдү (фото)

Лэнмарк кинотеатрында кыргыз киносунун салттуу күнү өтүп, анда "Акыркы көч" жана "Шамбала" тасмалары тартууланды

Өткөн шаршемби күнү Лос-Анжелестин Лэнмарк кинотеатрында кыргыз киносунун салттуу күнү өтүп, анда “Акыркы көч” жана “Шамбала” деген эки тасма көрсөтүлдү.

Иш-чарага “Шамбала” тасмасынын режиссеру Арыкпай Сүйүндүков жана актёр Артур Аманалиев, ошондой эле Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаев катышты.

Көрсөтүүнү колдоо үчүн Американын ар кайсы штаттарынан мекендештер, Кыргызстандан келген коноктор келишти. Иш-чара абдан ийгиликтүү өттү. Жетинчи жыл катары менен Кыргызстандын күнү салттуу түрдө Азия кинофестивалынын алкагында өткөрүлүп келет.

Asian World
Фото Asian World
Узнать больше: https://vesti.kg/obshchestvo/item/92750-v-los-andzhelese-sostoyalsya-pokaz-dvukh-kyrgyzskikh-filmov-foto.html - В Лос-Анджелесе состоялся показ двух кыргызских фильмов (фото) - VESTI.KG - Новости Кыргызстана

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх