Нур-Султан шаарында “ЕБ – Борбордук Азия” экинчи экономикалык форуму өтөт
Акылбек Жапаров форумдун катчылыгын Бишкекте түзүү сунушун киргизди
Нур-Султан шаарында “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экинчи экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу журналисттерге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал белгилегендей, Казакстандын премьер-министри Аскар Маминдин сунушу менен экинчи экономикалык форум Казакстанда өтөт.
«Биз форумдун катчылыгын Бишкекте түзүү боюнча сунуш киргиздик», - деди Жапаров. "Ал иш-чаралардын жыйынтыгын талдап, жаңы форумдарга даярдайт."
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкекте биринчи жолу “Европа Биримдиги – Борбордук Азия” экономикалык форуму өтүүдө.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз