Ноябрь айында көмүрдүн баасы 10,4 пайызга кымбаттады
Эң жогорку баалар Ноокат, Баткен жана Исфана шаарларында катталган
4-ноябрга карата көмүрдүн чекене баасы үстүбүздөгү жылдын октябрына салыштырмалуу республика боюнча орто эсеп менен 10,4 пайызга жогорулап, тоннасына 5720,5 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттен билдиришти.
Маалым болгондой, көмүрдүн эң жогорку баасы Ноокат (тоннасына 9874,2 сом), Баткен (тоннасына 9718,8 сом) жана Исфана (тоннасына 8746,4 сом) шаарларында катталган. Мында минималдуу чекене баалар Чаек (тоннасы 3000 сом), Балыкчы (тоннасы 4000 сом), Нарын жана Кара-Балта (тоннасы 4500 сом) шаарларында байкалган.
Маалым болгондой, көмүрдүн баасы үстүбүздөгү жылдын октябрь айына салыштырмалуу эң олуттуу жогорулашы Кербен шаарында – тоннасына 1423,9 сомго же 23,7 пайызга, Жалал-Абадда – 880,9 сомго же 15 пайызга, Таласта – тоннасына катталган. тоннасына 695,4 сомго, же 12,2 пайызга, ал эми Бишкек шаарында 654,6 сомго же 14,4 пайызга жогорулаган.
Фото www