Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Шайлоо- жашоодогу башкы нерсе эмес". Райым Матраимовдун өкүл баласы эмне себептен депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгарылганын айтып берди

Мунарбек Сайпидинов үй-бүлөлүк себептерден улам шайлоого катышуудан баш тартты

Бажы кызматынын төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов үй-бүлөлүк себептерден улам депутаттыкка ат салышпай турганын чечкенин айтты. Бул тууралуу ал социалдык тармакка жазды.
 
«БШК тарабынан менин талапкерлигимди алып салуу боюнча ар кандай туура эмес чечмелөөлөргө жол бербөө үчүн мен төмөнкүлөрдү билдирем», - деп жазган ал. - Биринчиден, чечимди жеке мен өз ыктыярым менен кабыл алдым. Буга үй-бүлөлүк шарт себеп болгон. Ушуга таянып, интернет мейкиндигиндеги айрым ММКларды жана жеке адамдарды мындан эч кандай көйгөй же үрөй учурган жаңылык чыгарбоого чакырам. Шайлоо биздин жашообуздагы башкы нерсе эмес экенин белгилеймин. Мен парламенттик шайлоого катыштым, бир эмес бир нече жолу катыштым. Муну менин шайлоочуларым ырастап жатат, аларга ишеним көрсөткөнү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем».

Эске сала кетсек, БШК Мунарбек Сайпидиновду “Азаттык” партиясынын тизмесинен чыгарган. Маалым болгондой, мындай чечим Сайпидиновдун өзүнүн билдирүүсүнө ылайык кабыл алынган.

Мунарбек Сайпидинов Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райым Матраимовдун окул баласы. Буга чейин ал Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылдык кеңешинин башчысы болуп иштеген. Сайпидиновго кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кылмыш иши козголгон.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх