Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Ооганстандагы кырдаал боюнча үчүнчү аймактык диалогдун жыйынына катышты

Бул форматта биринчи жолу ооган маселелери талкууланды

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Нью-Дели шаарында (Индия) Афганстандагы кырдаал боюнча үчүнчү аймактык диалог жыйынына катышты.

Аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери, анын ичинде терроризм, экстремизм, сепаратизм, трансулуттук уюшкан кылмыштуулук жана баңги заттар жана анын бардык түрлөрүнө каршы каршы күрөшүү жаатында пикир алмашуу болду.

Жыйынга ошондой эле Индия, Иран, Казакстан, Россия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчилери жана Коопсуздук кеңештеринин катчылары катышты.

Белгилей кетсек, афган маселеси мындай форматта биринчи жолу талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Афганстандагы кырдаалдын контекстинде мамлекеттер аралык кызматташтыкты күчөтүү боюнча Дели декларациясы кабыл алынды.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх