Көңүл буруңуз, дайынсыз жоголгон Олег Ильенко изделүүдө (фото)
Ал киши өткөн жылдын 14-декабрында үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес
Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгы 2020-жылдын 14-декабрында (Кант ш., 2-мкрн.) үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз 1979-жылы туулган Олег Сергеевич Ильенкону издеп жатат.
Белгилери: бою 172-177 см, орто денелуу, чачы кара кыска.
Өзгөчө белгилери: үстүнкү алдыңкы тиштери жок, көкүрөгүндө карышкыр түрүндөгү татуировкасы бар.
Ал кызыл свитер жана спорттук костюм кийип жүргөн.
Кимде-ким Олег Ильенконун жүргөн жери тууралуу маалыматы бар болсо, 0708 10-81-10 телефону аркылуу кайрылыңыз.
Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз