Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Орусияда 29 жаштагы кыргызстандык банкты тоноого аракет кылган деп шектелүүдө

КРдан келген мигрант убактылуу кармоочу жайга камалып, соттун баш коргоо чарасы боюнча чечимин күтүп жатат

Орусияда 29 жаштагы кыргызстандык жаран банкты тоноого аракет кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Белгиленгендей, тергөөнүн версиясы боюнча, аталган адам 6-ноябрда банктын бөлүмүнө келип, пневматикалык тапанча менен коркутуп, акчаны ага которууну талап кылган. Банктын кызматкери коңгуроону басып, кол салган адам кылмыш болгон жерден качып кеткен.

9-ноябрда кылмышка шектүү кармалган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, анын баш коргоо чарасы боюнча соттун чечимин күтүп жатат.

Маалым болгондой, аталган жаран буга чейин эки жолу Орусиянын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн кармалып, 2020-жылдын декабрь айында мекенине депортацияланып, андан соң Орусия Федерациясына аман-эсен кайтып келген.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх