Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москванын облусунда өзбекстандык жаран кыргызстандык тазалыкчы аялды мейманканада зордуктап салган

Кыз милицияга кайрылган. Шектүү кармалган

Москванын жанындагы элиталык бизнес-отельде Өзбекстандын жараны Кыргызстандын жаранын зордуктап салган. Бул тууралуу орусиялык «Московский комсомолец» басылмасы жазып чыкты.

Маалым болгондой, окуя 10-ноябрь күнү эртең менен болгон.

«21 жаштагы тазалыкчы айым бөлмөлөрдүн биринде тазалап жаткан учурда бөлмөгө өзү курактуу кесиптеши кирип келген. Эркек эшикти ичинен жаап, кесиптешин керебетке ыргытып, зордуктаган. Кыз дароо милицияга кайрылып, зордукчу кармалды», - деп жазат гезит.

М.К.нын айтымында, жаран Москва облусуна Өзбекстандан келген, ал эми жабырлануучу Кыргызстандын жараны.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх