Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эколог: Бүгүн бишкектиктер абадан эмес, өлтүрүүчү химиялык аралашмадан дем алууда (фото)

Мэрия абанын сапаты былтыркыга салыштырмалуу начарлап кеткенин белгиледи

Окурман Vesti.kg редакциясына таңкы Бишкектин сүрөтүн жөнөттү, анда шаардын үстүн каптаган түтүн тартылган.

Булганган аба маселеси бир нече жылдан бери бишкектиктерди түйшөлтүп, чочулап келет. Экологиялык кырдаалдан улам бийлик бир нече жолу коомчулуктун сынына кабылды.

Эколог Влад Ушаков Vesti.kg сайтына түтүн маселеси жылдан жылга оорлоп жатканын билдирди.
 
"Шаардын үстүндө түтүн дайыма болуп турат" деп түшүндүрдү ал. -Жылдын кайсы бир убагында бул көйгөй эмес. Бир гана айырмасы, кышында муздак аба массасынын жогору жактан басымынан улам түтүн көбүрөөк көрүнүп калат. Мындан тышкары, кышында адамдар үйлөрүн жылытып, абаны кирдетип башташат.

Эксперт борбор калаадагы абанын сапатынын начарлашынын негизги себептерин санап өттү.

- Автоунаалардын 89 пайызы - Европада, АКШда жана Японияда эсептен чыгарылган үйүлгөн металл сыныктары, - дейт эксперт. - Дүйнөдөгү таштанды унаалар баары биздин көчөдө жүрөт. Катализаторлор унаалардан да алынып салынат, бул газды ого бетер уулуу кылат. Мындан тышкары биз эң жогорку сапаттагы бензин менен май куюп бербейбиз. Дагы бир себеби, шаарды жана жашыл аймактарды плансыз өнүктүрүү. Анын ичинде электр энергиясына болгон баанын кымбатташына байланыштуу эл үйүн эң жакшысы көмүр менен, эң жаманы иштетилген май, чүпүрөк, таштанды жана резина менен жылытат. Мунун баары бүгүнкү күндө биз абаны эмес, бизди жана биздин жакындарыбызды өлтүргөн химиялык аралашма менен дем алуубузга алып келди.

Ушаков ошондой эле шаардык таштандыны өчүрүү менен азыркы кырдаалга таасир этсе болорун баса белгиледи. Бул түтүндүн болушун жок кылбайт, бирок анын уулуулугун азайтат, деди ал.

Ал арада Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы экологиялык кеңештин катчысы Адил Назаров Vesti.kg сайтына берген маегинде түтүндү жок кылуу боюнча муниципалитеттин деңгээлинде тиешелүү иштер жүрүп жатканын ишендирди.

-Учурда Бишкек шаардык таштанды төгүүчү жайдагы өрттөрдү өчүрүү иштери кызуу жүрүп жатат, - деп билдирди ал. - Бишкек шаарынын СЭИ жеке сектордо резина жана тигүү калдыктары өрттөлбөөсүн көзөмөлдөйт. Мындан тышкары отканалардын дээрлик 80 пайызы газга өткөрүлдү.

Анткен менен Назаров датчиктерге караганда Бишкектин абасы былтыркыга салыштырмалуу начарлап кеткенин баса белгиледи.

«Эгерде көмүрдүн сапаты жакшырбаса, кышка карата абал мындан да начарлайт», - деп эскертти Экологиялык кеңештин катчысы.

Эмне үчүн таштанды жай дагы деле күйүп жатат деген суроого Адил Назаров таштанды таштоочу жайдагы өрт техникалык регламенттин жоктугунан келип чыккан деп жооп берди.



Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх