Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткендеги Капиталдык курулуш башкармалыгы мамлекетке 12 миллион сом зыян келтирген

Укук коргоо кызматкерлери тергөө амалдарын баштады

Баткен облусундагы капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан мамлекетке 12 миллион сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
 
Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан тендердин шарттарын бузуу менен аткарылбай калган жана бүтпөй калган курулуш иштери үчүн жеке жактарга 12 480 199 сом өлчөмүндө акча каражаты мыйзамсыз которулганы аныкталган.
 
Анын ичинен Баткен шаарындагы Баткен медиа борборунун административдик имаратынын курулушуна 11 414 987 сом, ошондой эле Баткен районунун Чоң-Талаа айылындагы мектептин окуу корпусун узартууга 1 065 212 сом каралган.

Чогултулган материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча КЖБРге катталды. Бул иш боюнча тергөө иштери башталды.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди
Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх