Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда аялдардын ишкерлиги мамлекет тарабынан колдоого алынат

Конференцияга Кыргызстандын бардык аймактарынан 300 ишкер айым, бизнес тармагынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышат

Кыргызстанда аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программага кол коюу пландалып жатат, анын кабыл алынышы бир нече жылдан бери “Курак аялдар форуму” тарабынан колдоого алынууда.
 
Эки жыл мурун Экономика министрлиги Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен программа иштеп баштаган. Жумушчу топ түзүлүп, анын курамына бардык мамлекеттик органдардын, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү, эксперттер кирген.

Мамлекеттик программаны түзүү иштерине “Курак” аялдар бирикмесинин өкүлдөрү активдүү катышты. Бүгүнкү күндө документтин авторлору жана демилгечилери реалдуу, аткарыла турган жана эффективдүү программанын кабыл алынышы менен Кыргызстанда алгылыктуу өзгөрүүлөр болот деген үмүттө.

«Аялдардын ишкердигин колдоо боюнча мамлекеттик программанын кабыл алынышы менен баарыбыз – донорлор, өкмөт, бизнес, бириксек, чындап зарыл болгон тармактарда биргелешип иштөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Бул аянтча өлкөбүздүн өнүгүүсүн жана гүлдөп-өсүшүн каалагандардын баарын бириктирет”, - дейт Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк ишкердик аялдар күнүнүн элчиси жана “Курак аялдар форумунун”  негиздөөчүсү Айнура Сагынбаева.

Программанын бет ачары республика 144 мамлекет менен бирге белгилей турган Бүткүл дүйнөлүк аялдардын ишкердик күнүнө (WED) арналган 19-ноябрда“Жаратман жана кайраттуу: Кыргызстан аялдарынын ийгиликке карай 30 жылдык жолу” конференциясы өтөт.  . Бул жылы иш-чара Чоң-Алай, Алай жана Ош шаарларынан башталып, мастер-класстар жана дизайнер Дилбар Ашымбаеванын мода көргөзмөсү өтөт.

Бишкектеги конференция өтүүчү жерде да кызыктуу спикерлердин чыгып сүйлөшү күтүлүүдө жана катышуучулар үчүн нетворкинг пландалууда.
 
Иш-чаранын алкагында “Курак” аялдар бирикмеси тарабынан мурда жарыяланган лидер аялдар, насаатчылар жана журналисттер арасында өткөн сынактардын жыйынтыгы боюнча сыйлыктарды тапшыруу аземи болот.

Алдыда боло турган иш-чаранын өзгөчөлүгүнүн бири болуп “Аялдардын жеке ишкердиги” аттуу фотокөргөзмө болот. Ак-кара жана түстүү 30 фотосүрөт кыргыз аялдарынын өндүрүш, соода жана тейлөө тармагындагы 30 жылдык басып өткөн жолун символдоштурат. Ар бир сурөттө республиканын бардык булуң-бурчтарынан келген жумушчу аялдардын окуялары камтылган.

Иш-чара салтанаттуу кечки тамак менен аяктап, ага 100 элеттик ишкер аялдар катыша алышат.

Конференцияга Кыргызстандын бардык аймактарынан 300 ишкер айым, бизнес тармагынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, алдыңкы эл аралык уюмдар жана өнөктөштөр катышууда.

Иш-чарага катышуу үчүн орундардын саны чектелүү.

Конференция 19-ноябрда Novotel Bishkek мейманканасында саат 13.30дан 17.30га чейин Манас проспектиси 16 дарегинде өтөт.


Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх