Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүнтөн тарта көмүрдүн баасы 6 миң сомдон 3 миң сомго арзандайт. Кайдан сатып алса болот

Узун кезек күтүүлөрдөн улам ар бир үй-бүлөгө 2 тоннага чейин сатышат

Бишкектеги Кара-Кече кенинен алынган көмүрдүн баасы тоннасына 6 миң сомдон 3 миң сомго чейин арзандайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кечээ, 15-ноябрда ЖЭБ-2 кичи районунун тургундары менен жолугушууда билдирди.

«Кара-Кече кенинен алынып келинген көмүрдүн баасы 3 миң сомго чейин арзандайт», - деди мамлекет башчы. - Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары көмүрдү 6 миң сомдон сатышат. Буга чейин көмүрдүн баасын түшүрүүнү суранганбыз, макул болушкан эмес. Ошондуктан өзүбүз алып келип, арзан баада сатууну чечтик.

Президенттик аппараттын басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына президенттин буйругу бүгүн, 16-ноябрдан тарта күчүнө киргенин түшүндүрдү.
   
«Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 16-ноябрдан тарта Бишкектеги Мурманская 1Б/1 дарегинде көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатылат», - деп билдиришти алар. - Мүмкүн узун кезектерге байланыштуу ар бир үй-бүлөгө 2 тоннага чейин сатылып жатат. 1-декабрдан тарта 2 тонналык чектөө алынат.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх