Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саясат таануучу Азамат Темиркулов президенттик аппаратка дайындалды. Ал Садыр Жапаровду активдүү колдогон

Ал реформаларды талдоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүн жетектеген

Саясат таануучу Азамат Темиркулов президенттик аппараттагы реформаларды талдоо жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына ал өзү билдирди.

Анын айтымында, тиешелүү буйрук 12-ноябрда чыккан. Бирок бул кызматты президенттик аппараттын кызматкерлеринин кимиси сунуштады деген суроого Темиркулов жооп берген жок.

«Азыр өлкөнү реформалар күтүүдө - мамлекеттик башкарууда, экономикада», - деп эскерет Темиркулов. - Мен мониторинг кылам.

Темиркулов бир нече жолу президент Садыр Жапаровду колдоп келген. Ал саясий илимдердин доктору, мамлекеттик кызматтын үчүнчү класстагы кеңешчиси.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх