Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте шайлоочуларга акча тараткан депутаттыкка талапкердин тууганы кармалды (видео)

УКМК кызматкерлери адамды тинтүү жана унааны текшерүү учурунда шайлоочулардын тизмеси жана дареги жазылган ири суммадагы акчаны табышкан

УКМКнын кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгү (Шайлоочуларды сатып алуу) менен КЖБРде каттоодон өткөн, шайлоочулар арасында акча каражаттарын бөлүштүрүүдө паракорчулук менен Бишкек шаарынын бир мандаттуу округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлердин биринин ишенимдүү адамы, КР жараны «СМО» кармалган.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын бузуу менен “С.М.О.” ишмердүүлүгү жана шайлоочуларды акчалай пара берүү фактылары аныкталган.


Сот тарабынан санкцияланган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2021-жылдын 16-ноябрында акча каражатын бөлүштүрүүдө пара менен кармалган «С.М.О.» тарабынан добуштарды сатып алуу фактылары боюнча төгүндөлгүс фактылар аныкталган. Ошол эле учурда тинтүү учурунда "С.М.О." жана анын унаасын кароодо шайлоочулардын дареги көрсөтүлгөн тизмеси менен ири суммадагы акча табылган.


Сурактын жыйынтыгында кармалган «С.М.О. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда жогорудагы фактыларды аныктоо жана документтештирүү, ошондой эле шайлоочуларды сатып алуунун жогорудагы мыйзамсыз схемасына тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


УКМК КР шайлоо мыйзамдарын бузган учурда КР Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерге жана саясий партияларга колдонуудагы мыйзамдардын чегинде катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.
 
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин нөөмөт кызматына (0312) 62-05-85 (Бишкек ш.), ошондой эле күнү-түнү иштеген аймактык башкармалыктарга (ишеним телефондору) телефон аркылуу кайрылыңыз:
• Чүй облусу (0312) 54-07 19:

• Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;

• Ош облусу: (03222) 2-30-78;

• Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;

• Талас району: (03422) 5-20-43;

• Нарын облусу: (03522) 5-08-49;

• Баткен облусу: (03622) 5-00-33.

УКМКнын басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх