Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда мектеп күйүп кетти. Өрт жети саатка жакын убакытта өчүрүлгөн

Окуянын кесепетинен билим берүү мекемесинин чатыры толугу менен күйүп кеткен

Саат 00.10до Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагындагы М.Абдыжапаров атындагы орто мектептин чатырынан өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Окуя болгон жерге эки өрт өчүрүү бөлүмү, он куткаруучу жана ӨКМдин штабы тартылганы такталды.

Өрт саат 01.03 башталып , саат 07.10до толугу менен өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен билим берүү мекемесинин чатыры толугу менен күйгөн.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх