Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Билим берүү министрлиги: Жалал-Абаддагы өрттөнүп кеткен мектептин окуучулары окуусун башка имаратта улантат

Буга чейин облустук өзгөчө кырдаалдар комиссиясы имаратты пайдаланууга жараксыз деп тапкан

Жалал-Абадда мурда өрт чыккан М.Абдыжапаров атындагы мектептин окуучулары оффлайн режиминде окуусун улантышат. Бул тууралуу Vesti.kgге Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
 
Маалым болгондой, билим берүү мекемеси 1972-жылы курулган.
 
2014-жылы Тогуз-Торо райондук өзгөчө кырдаалдар комиссиясы мектептин имаратын жараксыз деп тапкан.
 
Маалым болгондой, 2016-жылы 225 орундуу жаңы мектептин курулушу башталган. Жалпы чыгым 43 миллион сомду түздү. Буга чейин дубалдары тургузулуп, биринчи кабаттын терезелери орнотулуп, ички шыбактары бүткөрүлгөн. Учурда мекеменин чатырын жабуу иштери жүрүп жатат. Жалпысынан курулуш иштери 65 пайызга аткарылган.
 
Жаңы билим берүү мекемесинин курулушу бүтпөгөндүктөн, буга чейин окуу процесси эски имараттын эки корпусунда бир нөөмөт менен жүргүзүлүп келген. Бирок түзүлгөн кырдаалга байланыштуу окуу эски мектептин имараттарынын биринде эки нөөмөт менен улантылат.
 
Бүгүнкү күндө билим берүү мекемесинде 239 окуучу билим алып, 23 мугалим эмгектенет.
 
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх