Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмаз Сарыбаевдин Коргоо комитети: Экспертиза кеңири тараган аудиожазуудагы көптөгөн монтаждык фактыларды тастыктады

Сарыбаев менен Асановдун ортосунда болгон делген сүйлөшүүнүн жазуусу Казакстанда текшерилген

АКБнын директорлор кеңешинин экс-мүчөсү Толубай Алмаз Сарыбаев менен ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ортосунда болгон делген сүйлөшүүнүн аудиожазуусун текшерүүнүн жыйынтыгында, түзөтүү белгилери болгон. Бул тууралуу Vesti.kg агенттигине Алмаз Сарыбаевди коргоо комитетинен билдиришти.

Белгилей кетсек, бул жазуу аларды кармоого негиз болгон.

«Экспертизаны Алматыдагы адис жүргүзгөн. Корутунду монтаждын көптөгөн фактыларын ырастайт: «Изилденген фонограммада 16 секундага эки же андан көп аудиофайлдарды электрондук монтаждоо белгилери бар. 04 м.сек., 31 сек. 52 м.сек., 46 сек. 86 м.сек., 56 сек. 48 м.сек., 01 мин. 02 сек. 96 мсек., 01 мин. 06 сек. 36 м.сек., 01 мин. 11 сек. 44 мсек., 01мин. 16 сек. 95 м.сек.”, - дейт адистин корутундусунда.


Эске салсак, сентябрдын башында Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаев бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалган. Буга интернетте тараган “Бийликти куралдуу басып алуу боюнча сүйлөшүүлөр” деген аудио жазуу негиз болгон.

Алмаз Сарыбаев СИЗО-1ге киргизилди. Ал коюлган айыптарга макул болбой, 17-сентябрда ачкачылык жарыялаган. Бирок ден соолугу начарлап кеткендигине байланыштуу изолятордон клиникага которулган.

Курсан Асанов 50-СИЗОдо камакта.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх