Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров "Riyada Group" компаниясынын президенти Шейх Дея бинт Ибрахим Аль Халифа менен жолугушту

Министрлер кабинетинин башчысы Бахрейн Королдугунун делегациясын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров «Riyada Group» («Рияда Групп») компаниясынын президенти шейх Дейя бинт Ибрагим Аль Халифа жетектеген Бахрейн Королчулугунун делегациясын кабыл алды.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Кыргыз Республикасы Бахрейн Королчулугу менен эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар, ал эми өлкөлөрдүн соода-экономикалык жана инвестициялык эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү үчүн чоң мүмкүнчүлүгү бар.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, чет элдик инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүү Министрлер Кабинетинин артыкчылыктуу милдеттеринен болуп саналат жана ал атамекендик экономикага инвестициялоого чакырды.

Riyada Group» компаниясынын президенти шейх Дейя бинт Ибрагим Аль Халифа туризм, фармацевтика, финансы, блокчейн-технологияларды пайдалануу тармагында кызматташтыкты жөнгө салууга жана өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди.

«Riyada Group» башчысы маалымдагандай, компания дары-дармек каражаттарын көзөмөлдөө тутумун илгерилетүүнү сунуштайт, бул республика аймагында фармацевтикалык дармектердин жүгүртүлүшүн көзөмөлдөөнү жөнгө салууга мүмкүндүк берет.

Аталган тутумдун ишке киргизилиши өлкөдө рыноктогу фармацевтикалык препараттардын жүгүртүлүшүнүн ачык-айкындыгын камсыздоого жана жасалма дармктердин киргизилишин толугу менен четтетүүгө мүмкүндүк берет

Мындан тышкары, тараптар инвестициялык, соода-экономикалык, айыл чарба, энергетика, саламаттык сактоо жана туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Министрлер кабинетинин мааалымат кызматы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх