Кыргызстанда “Антиалкоголдук программа” активдүү ишке ашырылууда
Өлкөбүздө расмий түрдө 35 миңге жакын аракечтер катталган. Алардын 88% эркектер, 12% аялдар
Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун колдоосу менен Республикалык наркологиялык борбордун “Антиалкоголдук программасы” активдүү ишке ашырылууда.
17-ноябрда Республикалык наркология борборунун адистери Чүй облусунун Сокулуктагы жалпы дарыгерлер практикалык борборунун кызматкерлери үчүн окуу семинарын өткөрүштү.
Доктурлар/наркологдор чыгып сүйлөп, калк арасындагы алкоголдук көз карандылыкка байланыштуу тийиштүү көңүл бурулбай жаткан көйгөйлөрдү белгилешти.
Жолугушуунун жүрүшүндө баяндамачылар дарыгерлер менен алкоголдук ичимдиктерге каршы кампанияны ишке ашыруу планын талкуулашты, алкоголдук ичимдиктерге көз каранды адамдарды аныктоо боюнча практикалык көндүмдөрү жана маалыматтык материалдар менен бөлүшүштү.
Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда расмий түрдө алкоголдук ичимдиктерге көз каранды болгон 35 миңдей адам катталган, анын 88% эркектер, 12% аялдар.
Дүйнөдө ар бир 6-эркек алкоголдук көз карандылыктын фонунда пайда болгон оорулардан улам каза болот.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Сүрөт www