Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эртең Бишкекте Кыргызстан жарандарынын “Кыргызстан 30+” IV форуму өтөт.

Эртең, 20-ноябрда Бишкек шаарында Кыргызстан жарандарынын “Кыргызстан 30+” IV форуму өтөт. Республиканын бардык аймактарынан 200дөн ашык катышуучу күтүлүүдө

“Кыргызстан 30+” Кыргызстан жарандарынын IV форуму басып өткөн жолдун көйгөйлөрүн да, келечектеги чакырыктарды да камтыган төрт курч темада ачык, эркин баарлашууга багытталган. Климаттын өзгөрүшү, билим берүү, жергиликтүү башкаруу жана коомчулуктун баалуулуктары талкуунун негизги темалары болуп саналат.

Бул эң курч көйгөйлөрдү талкуулоо жана аларды чечүү боюнча сунуштарды биргелешип иштеп чыгуу үчүн жарандык коом өкүлдөрүнүн эң ири жыйыны.

Акыркы форум 2017-жылы өткөн. Ошол мезгилден бери дүйнөдө да, биздин өлкөдө да жарандык коомдун активдүү көңүлүн жана талкуусун талап кылган көптөгөн окуялар болуп өттү.

Азыркы этапта бардык конструктивдуу кучтөрду бириктируу зарыл! Позитивдүү өнүгүү үчүн, заманбап чакырыктарга каршы туруу үчүн бардык кызыкдар жарандардын күч-аракетин бириктирүү зарыл. Мындай кырдаалда Форум стратегиялык өнүгүүнүн негизги маселелери боюнча пикир жана тажрыйба алмашуу аянтчасы болуп саналат.

Негизги принциптердин бири – ачык диалог. Форум өлкөнүн жарандарынын ортосундагы чоң коомдук диалогдун башталышы болуп саналат. Келечекте Форумда айтылган ойлор турмуштун түрдүү чөйрөлөрүн реформалоо боюнча жаңы концепцияларды, стратегияларды жана программаларды иштеп чыгуу үчүн негиз болот.

Жарандык коомдун катышуусусуз эффективдүү өзгөртүүлөр мындан ары мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө жарандык активдүүлүккө көптөгөн коомдук уюмдардын, бизнестин өкүлдөрү жана жөн эле кайдыгер карабаган жарандар тартылууда.

«Форум жарандар менен мамлекеттин, саясатчылардын, парламенттин диалогун баштайт жана Форумдун жыйынтыгы жарандык коомдун өнүгүшүнө жана жарандык тилектештиктин чыңдалышына мындан ары да салым кошот деп ишенебиз», - дейт укук коргоочу Динара Ошурахунова.
 
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх