Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БШК Шайлообек Атазовго, Төлөнбай Нурбаевге жана Темирлан Султанбековго айып пул салды

Алар 7,5 миң сом төлөөгө милдеттендирилмекчи

Кечээ Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында депутаттыкка талапкерлер Шайлообек Атазов менен Төлөнбай Нурбаевдин үстүнөн арыз каралды.

Буга чейин эл өкүлдөрү Ош шаарындагы шайлоочулар менен жолугушууда дин темасын айтканы боюнча даттануулар болгон. Шайлообек Атазов, маселен, аялдардын жоолук салынышына каршы чыккан жетекчилер жоопко тартылышы керектигин айтты.

Тегерек столдордун биринде КСДП партиясынын төрагасы Темирлан Султанбековдун сүйлөгөн сөзү да каралды. Ал жерден анын саясий уюму парламентке кирсе, экс-президент Алмазбек Атамбаев түзгөн «Ыйман» фондунун иши кайра жанданарын билдирди. Буга чейин бул фонд аркылуу имамдарга акча жөнөтүлүп турган.

Темирлан Султанбеков 25 жашка чыга электигине байланыштуу депутаттыкка талапкерлигин койбойт.

БШК талапкерлердин, шайлоого катышкан партиялардын өкүлдөрүнүн сөзүндө диний риторикага тыюу салынганын белгиледи. Үч талапкерге тең 7,5 миң сомдон айып салынды.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх