Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ал «Кумтөргө» жумушка орношуп, кызын АКШга окууга жиберем деп убада кылган. Каракол шаарынын тургуну алдамчыга 23 миң доллар берген

Милиция кармалган шылуундун башка кылмыштарга да тиешеси бар деп эсептейт

Каракол шаарынын тургуну милицияга арыз жазып, 2019-жылдын январь айында өзүн Жогорку Кеңештин Ысык-Көл облусу боюнча өкүлүмүн деп тааныштырган жигит менен таанышып, кызын АКШга окууга тапшырууга жардам берерин айткан. 2021-жылдын башында жабырлануучудан 10 миң доллар алган жигит убадасын аткарбай жоголуп кеткен.

Аталган факты Каракол ШИИБнин РИИБге катталып,  Кылмыш-жаза кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) 1-ст. менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Каракол ШИИБдин тергөө кызматы тарабынан 10 миң доллар алгандан кийин белгисиз адам жайында арыз ээсине кайрадан келип, андан АКШга виза үчүн 3 миң доллар алгандыгын аныкташкан. Ошондон кийин Кумтөр алтын кен комбинатына ишке орношууга жардам берем деп убада берип, дагы 10 миң доллар алган. Натыйжада жабырлануучуга жалпы суммасы 23 миң доллар материалдык зыян келтирилген.
Иликтөө жана ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан шектүүнүн өздүгү такталган. Каракол ШИИБге жеткирилген Бишкек шаарынын 27 жаштагы К.А. Каракол шаардык сотунун чечими менен 1 айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

17-ноябрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн областтык борбордун дагы бир тургунуна карата алдамчылык фактысы да аныкталган. Ноябрь айынын башында ал өзүн Каракол шаарындагы окуу борборунда мугалиммин деп тааныштырып, жабырлануучунун кызын АКШга бекер окууга жардам берем деген шылтоо менен 10245 доллар алып, кийин изин жашырып кеткен.

Бул факты дагы Каракол ШИИБнин ЭППКсына катталып, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Тергөөчүлөр айыпталуучунун башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар деп болжолдошууда. Буга байланыштуу алар шектүүнүн алдамчылык аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды Каракол ШИИБдин тергөө кызматына кайрылууну суранышат.

Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун ИИББга сөз кызматы билдирди
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх