Опузалап пара алып жаткан жеринен кармалган Октябрь районунун прокурорунун орун басары убактылуу кармоочу жайга киргизилди
Алтынбек Айдаров 17-январга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот
Бишкектин Октябрь районунун прокурорунун орун басары Алтынбек Айдаров 2022-жылдын 17-январына чейин камакка алынган. Тиешелүү баш коргоо чарасы Биринчи Май райондук соту тарабынан тандалган.
Айдаров УКМКнын СИЗОсуна киргизилет.
Эске сала кетсек, Алтынбек Айдаров жакында укук коргоо кызматкерлеринен 5 миң доллар пара талап кылуу фактысы боюнча кармалган. Кармоо учурунда алар прокурордун орун басарынан опузалап алынган сумманын бир бөлүгүн - 200 миң сомдон ашык акчаны табышкан.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз