Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Москвадагы кыргызстандык мигранттардын балдарына дүйнөдөгү эң эски авиация музейлеринин бирине экскурсия уюштурулду

Кичинекей кыргызстандыктарга биринчи учуучу аппараттардын, жердин биринчи спутнигинин, биринчи ит-космонавт Лайканын контейнеринин жана башкалардын макеттери көрсөтүлдү

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин демилгеси менен ишке ашырылып жаткан “Мен Москвада жүрөм” гуманитардык долбоорунун алкагында 20-ноябрда Москвада эмгектенген мекендештердин балдарына кезектеги экскурсия уюштурулду.

Бул жолу 10 жаштан 14 жашка чейинки 15 баладан турган топ дуйнөдөгү эц эски авиация музейлеринин бирине — 1924-жылы негизделген Россиянын ДОСААФынын Борбордук авиация жана космонавтика уйуне барышты.

Экскурсиянын жүрүшүндө балдар дүйнөлүк деңгээлдеги уникалдуу экспонаттарды көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту: биринчи учуучу аппараттардын макеттери, жердин биринчи спутниги, «Восток» космос кораблинин түшүрүүчү аппараты, «Буран» окуу стенди, биринчи ит – космонавт Лайканын контейнери , космонавттарды даярдоо костюмдары, ошондой эле авиациянын, легендарлуу учкучтардын жана космостук пионерлердин туулгандыгы жөнүндөгү кызыктуу окуяларды угуу.

КРнын ТИМдин маалымат бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх