Кувейт кайрымдуулук фонду муктаж болгон Бишкектин тургундарына көмүр жеткирип берди
Көмүр турмуштук оор кырдаалга кабылган 150 үй-бүлөгө берилди
Бир күн мурун Кувейт кайрымдуулук фонду Бишкектин Биринчи Май районунун жашоочуларына колдоо көрсөтүп, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй-бүлөлөргө көмүр тартуулады.
Район башчысы Жамалбек Ырсалиев да 150 муктаж үй-бүлөгө көмүр(ар бирине 10 каптан көмүр) таркатууга катышты.
Белгилей кетсек, буга чейин тараптар эки тараптуу кызматташуу жана өз ара жардам көрсөтүү маселелерин талкуулашкан. Жетишилген макулдашуулардын алкагында муктаж үй-бүлөлөрдү катуу отун менен камсыздоо боюнча иш-чаралар планынын пункттарынын бири аткарылды.
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз