Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КР Саламаттыкты сактоо министрлиги: Эгерде эмдөөгө келе албасаңыз, эмдөө сизге барат

Министрлик жүйөлүү себептерден улам кызматкерлери эмдөө пункттарына бара албаган мекемелерде көчмө эмдөөсүн уюштурууга даяр

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги калк менен тыгыз иш алып барган жеке жана мамлекеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлерин коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өткөрүүгө даяр.

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөө кампаниясы ушул жылдын 29-мартында башталган. Бирок айрым жеке жана мамлекеттик кызматкерлер эмдөөдөн толук өтө элек. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо департаментинин демилгеси менен жер-жерлерде ар кыл тармакта иштеген жеке жана мамлекеттик мекемелердин кызматкерлерин эмдөө иштери башталды.

Министрлик жарыялаган акция биринчилерден болуп "Кортекс" жеке клиникасы тарабынан колдоого алынган. Клиниканын жетекчилигинин өтүнүчү боюнча Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо департаменти Бишкек шаардык иммунопрофилактика борбору менен биргеликте 2021-жылдын 22-ноябрында Кортекс жеке клиникалык борборунун кеңселеринде болушуп, клиниканын кызматкерлерин коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүштү.

Министрлик жүйөлүү себептерден улам кызматкерлери эмдөө пункттарына бара албаган мекемелерде көчмө эмдөөсүн уюштурууга даяр экендигин эскертет, анткени бардык медицина кызматкерлери, коомдук транспорттун кызматкерлери, коомдук тамактануу жайларынын кызматкерлери, маданият үйлөрү жана коомдук топтор менен тыгыз байланышта иштешет. Калк эмдөөдөн өтүшү керек.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө Sputnik Light, Pfizer BioNTech, Sinopharm, Astra Zeneca, KazVak вакциналары менен жүргүзүлүүдө.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги бардык мамлекеттик жана жеке ишканалардын жетекчилерин өз кызматкерлерин жер-жерлерде коронавируска каршы эмдөө иштерине активдүү катышууга чакырат. Бул чара өз кезегинде кадрлардын убактылуу жетишсиздигинин алдын алат.

Вакцинация - COVID-19 инфекциясын жана жайылышын алдын алуунун эң натыйжалуу жолдорунун бири.

КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх