Садыр Жапаровго мекемедеги коррупция тууралуу маалымат берген ЖАМКнын кызматкери иштен алынды
ЖАМК алардын мурдагы кесиптеши бир нече жолу этикалык нормаларды бузуп, алтургай өзүн өрттөйм деп коркутканын билдирди
Жакында Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери Акжол Райымбердиев президент Садыр Жапаровго кайрылып, мекемедеги коррупциялык көрүнүштөрдү жарыялаган. Ал өзүнүн Youtube каналына видеокайрылуу жарыялады.
«Мен бүгүнкү күнгө чейин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкери болчумун. Мага экинчи жумушка келбесин деп айтышты. Мен бир эмес эки жолу президентке кайрылгам. Бирок, эч ким эч кандай чара көргөн эмес. Кызматкерлердин коррупциялык иштерин ачыкка чыгарбаганда, кызматын уланта бермек. Бүгүнкү күнгө чейин Садыр Нургожоевичтин саясатын колдоп келген. Президент коррупцияга каршы күрөш тууралуу айтканда мен ишенгем. Мамлекет башчы өзү элге видео кайрылуу жасагыла деп айтты. Бирок чындыгында бул үчүн мени жумуштан кетиришти», - деди ал.
Буга чейин Акжол Райымбердиев Аламүдүн районундагы түзөтүү колониясындагы коррупция жана абактагыларга орой мамиле жасоо боюнча маалымат берген.
Ал арада Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы Акжол Райымбердиев №31 мекемеде начальниктин нөөмөтчү жардамчысы болуп иштегенин тастыктады.
«Ал 2-октябрда аталган кызматтын кызматкерлери менен жетекчилигинин мыйзамсыз аракеттери тууралуу маалымат берген. Жогорудагы фактылар боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн. Анын аргументтери тастыкталган жок. Жалган маалымат тараткандыгы үчүн ага катуу сөгүш түрүндө дисциплинардык жаза колдонулган. Андан соң №8 мекемеге ушундай эле кызматка которулган.
Бирок 27-октябрда Раимбердиев бул чечимге макул эместигин билдирип, өзүн өзү өрттөй турганын билдирген. Кырдаалды тактоо үчүн Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев бир катар кызматкерлердин катышуусунда анын бардык жүйөлөрүн жана дооматтарын укту. Ага маселелерди мыйзам чегинде чечүү сунушталды.
Ага карабай Райымбердиев укук коргоо органынын кызматкерине коюлган мыйзам талаптарын бузуп, социалдык тармактарда такталбаган маалыматтарды таратып келет.
Президенттин атына акыркы видео кайрылуу да иликтенди. Раимбердиевдин жүйөлөрү тастыкталган жок.
Этиканы жана мыйзамдарды бир нече жолу бузгандыгы үчүн 16-ноябрда Акжол Райымбердиевди кызматтан алуу боюнча буйрук чыккан. Раимбердиевдин мындан ары жаза-аткаруу тутумунун башка кызматтарында калышы укук коргоо органында кызмат өтөө принциптерин бузуу менен кошумча терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Колдо болгон бардык видеоматериалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратурага жөнөтүлөт», — деп билдирди Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы.
Сүрөт www