Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Равшан Жээнбековдун тарапкерлери Нуржан Шайлдабекованын отставкага кетишине нааразылык акциясына чыгышат

Митинг Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын жанында өтөт

Камакта жаткан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Равшан Женбековдун тарапташтары БШКнын жетекчисинин аракеттерине нааразылык акциясына чыгышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына активист Айсулуу Кудайбердиева билдирди.
Анын айтымында, алар БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын аракетине канааттанбай, анын кызматтан кетишин талап кылышат.

Акция бүгүн саат 11.00дө БШК имаратынын жанында өтөт.

Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясынын экс-мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Гүлнара Джурабаева Жээнбековдун үгүт иштерине эркин катышууга укугу бар деп эсептейт.

«Равшан Жеенбеков талапкер катары катталган жана бул статуста үгүт жүргүзүүгө укуктуу. БШК анын укуктарын ишке ашырууну камсыз кылышы керек», — деп жазган ал.

Эске салсак, Равшан Жеенбеков 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинде экс-президент Алмазбек Атамбаев жана башкалар менен бирге айыпталууда. Ал ошондой эле 2020-жылдын октябрь айындагы окуяларда массалык баш аламандыктарды уюштурган деп шектелүүдө.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх