Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чыңгыз Айдарбеков: Экспериментти токтоткула. Билимге бай, өлкө үчүн бир нерсе жасаган адамдарга добуш берүүгө убакыт келди

"Альянс" партиясынын талапкери Чыңгыз Айдарбеков Бишкектеги шайлоочулар менен жолугушууда шайлоочуларды жүрөгү менен добуш берүүгө жана конкреттүү чечимдерди сунуштаганга добуш берүүгө чакырды. Анын айтымында, өлкөнү өзгөртүүгө, өнүктүрүүгө мезгил жетти.

Айдарбеков ошондой эле миграцияны азайтып, миллиондогон мекендештердин кайтып келишине шарт түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал белгилегендей, бул жылы көп жаштар грин-картага тапшырышкан.

 "Убакыт жок. Эксперимент кылганды токтоткула. Отуз жыл өттү, бирок Кыргызстан өнүкпөй турат. Билимге бай, өлкө үчүн бир нерсе жасаган адамдарга добуш берүүгө убакыт келди», - деди ал.

Талапкер кошумчалагандай, альянста тажрыйбасы бар, өлкөнүн өнүгүшү үчүн керектүү билими бар адамдар бар.

«Депутаттар актуалдуу жана көйгөйлүү маселелерди көтөрүп, аларды мыйзамдарды кабыл алуу, министрлер кабинети менен кызматташуу аркылуу чечиши керек. Биз жарандардын кызыкчылыгын коргоп, элге ак кызмат кылаарыбызды чечкиндүү билдиребиз», - деди Айдарбеков.
 
Альянс - №3 - Бир күч
Чыңгыз Айдарбеков - №3


 
"АЛЬЯНС" саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаев тарабынан төлөнөт (01.09.2021-ж. № 8)

"Альянс" партиясынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх