Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин борбордук көчөлөрүндөгү 312 жарнак конструкциялары демонтаждалды

Эми бул мамылар, баннерлер, көрнөктөр шаардын көркүн бузбайт

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы “Бишкекбашкыархитектура” мамлекеттик мекемеси, райондук администрациялар Бишкек шаарынын борбор көчөлөрүндө тиешелүү документтери жок орнотулган көрнөк-жарнактарды алып жатышат.

Биз 312 жарнама конструкцияларды демонтаждадык (штендерлер, баннерлер, илмек)
Свердлов районунда төмөнкү даректер боюнча 118 конструкция алынды:
-Чүй проспектисинде Төрөкул Айтматов көчөсүнөн баштап Курманжан Датка көчөсүнө чейин;
-Мамбетов көчөс Төрөкул Айтматов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө  чейин.
Ленин районунда 46 даана төмөнкү дааректе:
-Манас проспектисинде Чүй проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө  чейин.
Октябрь районунда 84 жарнак алынды:
-Байтик Баатыр көчөсүндө Семетей көчөсүнөн  Магистраль көчөсүнө чейин;
-Чынгыз Айтматов проспектиси  Семетей көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин.

Биринчи май районунда 64 конструкциялар алынды:
-Манас проспектисинде Ахунбаев көчөсүнөн баштап Чүй проспектисине чейин.

Кыргыз Республикасынын  “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 277- беренесине ылайык, 112500 сомго 10 протокол түзүлдү.  

Урматтуу шаардыктар! Өзүм билемдик менен орнотулган көрнөк-жарнактарды өз ыктыярыңыздар менен алууну суранабыз. Эгерде жогорудагы айтылган талаптар аткарылбаса тиешелүү кызматтар тарабынан бузуу иштерин жүргүзүүгө туура келет жана КРнын “Бузуулар жөнүндө” кодексинин 277 -бернесине ылайык, айып пул салынат (жеке жактарга – 5 500 сом, юридикалык жактарга – 17 000 сом).

Бишкек мэриясы

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх