Садыр Жапаров Владимир Путинге шахтадагы кырсыкка байланыштуу көңүл айтты
Кырсыктан 52 адам каза болгон
Президент Садыр Жапаров Россиянын лидери Владимир Путинге Кемерово облусундагы Листвяжная шахтасында болгон кырсыктын кесепетинен шахтерлордун каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Садыр Жапаров кенчилердин каза болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алганын белгиледи.
«Листвяжная» шахтасындагы авариянын кесепетинен шахтерлордун каза болгондугу тууралуу кайгылуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым», — деп айтылат билдирүүдө.
«Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам жана бул кырсыктан жапа чеккендердин бардыгынын тезирээк сакайып кетишин каалайм».
Эске сала кетсек, шахтадагы жарылуудан 52 шахтер жана бир куткаруучу каза болгон.
Сүрөт www