Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Альянс: Өлкөнүн негизги байлыгы алтын эмес, эл

Урматтуу кыргызстандыктар!

Ошентип Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун алкагындагы үгүт иштери аяктап баратат. Альянстын талапкерлери өлкөнүн ар кайсы аймактарында болуп, шайлоочулар менен жолугушту. Ар бириңиздер менен таанышканыбызга кубанычта болдук. Бирок, сиздердин умтулууларыңыз жана көйгөйлөрүңүз бизди ого бетер капа кылды.

Эл өз турмушу менен жашап, эмгектин, өжөрлүктүн аркасында жашап келет. Бирок, турмуштун оордугуна карабай, биздин талапкерлерди ар бир райондо жылуу кабыл алып, баталарын алып, колдоо көрсөтүштү. Шайлоочуларыбыздын көз алдында жаркын келечекке болгон үмүттү көрдүк. Бул сезимдер сиздердин ар бириңиздердин алдындагы жоопкерчиликти ого бетер күчөтөт.

Сиз Альянска таянсаңыз болот. Биздин талапкерлердин бири да чатактарга аралашкан жок. Депутат болуп турганда да ар дайым элдин кызыкчылыгын коргоп, бийликти сындагандан коркпой, сиздер тарапта болушкан. Альянстын катарында билимдүү, келечектүү жаш кадрлар, ошондой эле тажрыйбалуу, кайраттуу саясатчылар бар. Бул партиянын башкы жетишкендиги. Биз бүт өлкөнү бириктире алдык.

Биздин максат – бийлик эмес, бийликтеги элдин татыктуу өкүлү. Алдыда элди мындан да көп сыноолор күтүп турат, биз бардык маселелерде жарандардын кызыкчылыгын коргоого даярбыз. Күчтүү депутат – күчтүү мыйзам. Маанилүү мыйзам долбоорлорун кабыл алуу менен өлкөнүн өнүгүшүнө шарт түзө алабыз.

Биздин көз карашыбыз боюнча Кыргызстан дүйнөдөгү өнүккөн мамлекеттердин бири болушун көрөбүз. Бул үчүн бизде бардык өбөлгөлөр бар. Өлкөнүн негизги байлыгы алтын эмес, эл. Добушум эч нерсени билдирбейт деп айтпа. Өлкөнү ким алдыга алып барарын сиздер гана, урматтуу шайлоочулар чече аласыздар. Ал эми биз, “Альянс” партиясы, сиздин үмүтүнүздү актайбыз. 28-ноябрда шайлоо участогуңарга келип, жүрөгүңөр менен добуш бергиле. Келечек сенин добушундан көз каранды!

АЛЬЯНС - №3 - БИРИККЕН КҮЧ!

"АЛЬЯНС" саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаев тарабынан төлөнөт (01.09.2021-ж. № 8)

"Альянс" партиясынын сүрөтү

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх