Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров парламенттик шайлоодо добуш берди

"Өлкөнүн, балдардын келечеги сиздин добушуңуздан көз каранды"

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке шайлоодо Бишкектин Ленин районундагы №1053 шайлоо участогунда добуш берди.

Мамлекет башчысы Чоң-Арык айылындагы шайлоо участкасына жубайы Айгүл Жапарова менен саат 08.30да келди.



Добуш берип, басма сөзгө чыкты. Жапаров ЖМКларга билдирүүсүндө жарандарды шайлоо процессине активдүү катышууну суранды.

«Кыргызстандын жана балдардын келечеги сиздин добушуңуздан көз каранды», - деди ал.

  



Эске сала кетсек, бүгүн өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.

Парламенттик шайлоолор аралаш система менен өтүүдө. 54 депутат партиялык тизме менен, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча шайланат.

Фото, видео Vesti.kg

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх