Кыргызстанда 28-ноябрга карата СOVID-19 инфекциясынын жаңы 41 учуру катталды
Бир өлүм учуру катталган
Кыргызстанда 28-ноябрга карата СOVID-19 инфекциясынын жаңы 41 учуру катталды. Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдан билдиришти.
Бишкек шаарында - 16, Ош - 1, Чүй облусунда - 2, Ош облусунда - 3, Талас облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 8, Жалал-Абад облусунда - 2, Баткен облусунда - 8 адам.
Бир сутка ичинде 88 кыргызстандык айыгып чыкты.
Стационардык дарыланууда 427, амбулатордук дарылоодо 495 бейтап жатат.
Бир өлүм катталган.
Фото vesti.kg
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз