Ош облусунда өзүн акыйкатчымын деп тааныштырган адам урнанын жанында турду (видео)
Окуянын күбөсүнүн айтымында, участкалык комиссиянын төрагасы мыйзам бузуучуну чыгарган эмес
Ош облусундагы №5285 шайлоо участогундагы урнанын жанында өзүн Акыйкатчы катары көрсөткөн адам турду. Тиешелүү видеону окуянын күбөсү Кубанычбек Жусанов Facebook баракчасына жарыялады.
«Бул мыйзам бузуу болуп саналат. Ал өзүн акыйкатчы катары тааныштырып, урнанын жанында турат. Участкалык комиссиянын төрагасы аны чыгарган эмес. Бул Акыйкатчынын келишин шайлоого түздөн-түз кийлигишүү катары бааласа болот. Ал добуш берүүгө келген жок», - деп жазат жаран.
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз