Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ Медет Садыркуловдун өлүмүнө шектүүнүн кармалганы тууралуу маалыматты тастыктады. Ал 2 айга СИЗОго камалды

Мындай баш коргоо чарасын Бишкектин Биринчи Май райондук соту тандады

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы М. Садыркуловдун өлтүрүлүшү боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат.

 2021-жылдын 26-ноябрь күнү ИИМдин кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары С. Сапарбеков кармалды. Ал Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

 Ал эми, 2021-жылдын 27-ноябрь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун  тергөө соту тарабынан шектүү С. Сапарбековго карата  2022-жылдын 26-январына чейин эки айга Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камоо түрүндөгү бөгөт чарасы колдонулду.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх